МОМОКОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОМОКОН (болжол менен 18-к-дын башы - 1780-ж-дан кийин) - солто уруусунун баатыры, Кошой бийдин уулу. Жуңгар хандыгы жоюл­гандан кийин кыргыздардын Чуйгө келишине салым кошкон жана Садыр баатыр, Жайыл баа­тыр менен бирге Олуя-Атадан Кара-Балтага че­йинки конуштарды ээлеп, талкан уруусунун би­лерманы катары Балхаш көлүнүн түштүк-баты­шындагы Уландын Учугу, Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы-Куучоку деген жерлерди казактын уйсун, дуулат урууларынан коргогон. Казак уруулары өзгөчө кыргыздын солто (Олуя-Ата, Байгара, Жамбыл тараптан), сарыбагыш (Иле тарап), чакыр саяк (Терекей-Көңкөй, Ит-Кечүү тарап) урууларына тынымсыз кол салып, тын­чын кетирген. М., бөлөкбайдан Түлөөкабыл, Мырза, талкандан Үсөн, Теке, Тулөберди, Бөрү­бай менен бирге казактын мизин кайрып, Чүй суу­сунун аягында ботбайдан (дуулат) Жайсаң баа­тырды өлтүрүшкөн. Жеке өзү казак айылда­рын, кербен жолдорун көзөмөлдөгөн. 1768-ж. жазында Кудайменде баатыр менен Дөөтбай тар­хан башында турган казактар Олуя-Ата жак­тан кол салып, салгылашта экөө тең курман болгондо казактар Абылай ханга кайрылыш­кан. 1768-69-ж. казактын Абылай жана Абыл­пейиз султандары кыргыздарга каршы бир нече жортуул уюштуруп, Таластагы Каработо бий­дин айылын чаап, Атаке баатырды Таласка че­гиндирген. 1772-73-ж. Абылай Ташкент ш. алып, кыргыздарга кол салууга даярданып, Ази­реттин Кара-Тоосуна көчүп келген (азыркы Та­разга жакын). М. Жайыл менен Сабыр баатыр үчөө Көшөгөнүн Көк-Жотодогу казактарды чаап алышкан. Буга өчөшкөн Абылай 1780-ж. эрте жазда колун үчкө бөлүп, бири Капкадагы Са­дырдын айылын чапса, экинчиси Олуя-Ата, үчүнчүсү Корготу суусун карай багыт алган. Са­дырдын айылы чабылганын уккан М. менен Жа­йыл шашылыш кол жыйнаган. Корготу суусунун жээгинде казактар менен беттеште казактар кача баштап, кыргыздар кууп жөнөгөндө, Абылай жетектеген экинчи кол арттан чыгып, кыргыз­дар курчоодо калган. Ушул салгылашта М., Жа­йыл баатыр уулдары Үсөн, Теке, Итике менен бир­ге, Садыр баатырдын уулу Доскулу ж. б. колго түшүп, көп кыргыз баатырларча курман бол­гон. Мындан кийин М. жөнүндө тарыхый маалы­маттар жолукпайт.