МОЛУККА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МОЛУККА АРАЛДАРЫ (Мо1иссаз, Ма1ики) - Малайя архипелагынын чыгыш бөлүгүндөгү аралдар тобу; Сулавеси жана Жаңы Гвинея а-нын аралыгында. Индонезиянын аймагы. Аянты 83,7 миң км2. Калкы 1,2 миллион (2010). Негизги аралдары - Хальмахера, Серам, Буру. Аралдары тоолуу (Биная чокусу, 3019 м). Онго жакын аракеттеги жанартоо бар; жер титирөө болуп турат. Климаты экватордук, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 800-4000 мм. Аймагынын 80%тен ашыгын дайыма жашыл экватордук (пальма, фикус, дептерокарп, бамбук) токой ээлейт; 1200 м бийиктен жогору жалбырагы күбүлмө жана ийне жалбырактуу токой, түздүктөрүндө бадалдар, дарак сымал папоротниктер, иланг-иланг чөбү өсөт. Сачо жана курма пальмасы, жыпар мончок дарак, мускус жаңгагы, шалы, жүгөрү, жыттуу, калемпир ж. б. татымалдар өстүрүлөт («татымалдар архипелагы» деп да аталат.) Негизги порту - Амбон.