МОЛЛЮСКАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска

МОЛЛЮСКАЛАР (МоПизса), жумшак де­нелүүлөр - омурткасыз жаныбарлар тиби. Денеси сегменттелбеген, ал тулку боюнан, башы жана бутунан турат. Жону раковина менен каптал-

Моллюскалар: 1, 2, 3 - боор буттуу моллюскалар; 4, 5 - кош капкалуу моллюскалар; 6 - баш буттуу мол­люска.

ган, кээ бириники начар өөрчүгөн же жок. Ба­шында оозу, тинтүүрү, көзү жайгашкан. Буту курсак жагында, жылып жүрүү кызматын ат­карат, кээде сүзүү органына айланган же редук­цияланган. Тулкусу мантия менен капталган. Ман­тия менен тулкусунун ортосунда - мантия көң­дөйүндө дем алуу жана кээ бир сезүү органдары жайгашкан. Ага жыныс жана бөлүп чыгаруу ор­гандары ачылат. Ичегиси үч бөлүктөн турат. Алдынкы бөлүгүндө радула жана шилекей безде­ри, ортонку бөлүгүндө карын жана боор жайгаш­кан. Кан айлануусу ачык, жүрөгү үч бөлүктөн турат. Өпкөсү жана бакалоору менен дем алат. Нерв системасы, сезүү органдары бар. Бөлүп чыгаруу органдары - жуп бөйрөк. М-дын эки типчеси (каптал нервдүүлөр жана раковиналуулар), 5 классы, 130 миндей түрү бүт жер жүзүнө (тунд­радан тропикке чейин) кенири таралган. Көп­чүлүгү деңизде, тузсуз сууда, бир азы кургакта жашайт. М. жылып жүрөт, бир нерсеге беки­нип отурат же суу түбүндөгү ылайга көмүнүп жатат. Жыныс жолу менен көбөйөт, айрым жы­ныстуу, гермофродиттери да бар. Булар бир нече айдан он жылга чейин жашайт. Майда омурт­касыздар менен азыктанат. Көпчүлүк М. жаныбар­ларга жем, айрымдарын (устрица, кальмар, ми­диялар, жүзүм үлүлү ж. б.) адамдар тамакка пай­даланат, кээ бири седеп, бермет алуу үчүн кар­малат. Кээ бири (көзөгүчтөр, кеме курттары) ке­мелерге жана суу курулуштарына, а. ч. өсүмдүк­төрүнө зыян келтирет. Көп кармалып, саны аза­йып кеткендиктен, коргоого муктаж. 12300дөн ашык түрү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизил­генетикалык М-ды малакология илими изилдейт.

Ад.: Беспозвоночные: Новый обобщённый подход. М., 1992.