МОЛДАШЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДАШЕВ Мадалбек (22. 6. 1948-жылы туулган, Ош обл., Араван р-ну, Дөң айылы) - генерал-майор (1995). Ленинград жогорку аскер-саясий окуу жайын (1972), СССР Министрлер Советинин алдындагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) жогорку курсун (1976), СССР МККнын жогорку мектебинин даярдоо курсун (1982) бүткөн. 1972- 74-ж. аба чабуулуна каршы коргонуу армиясында саясий бөлүктүн начальнигинин орун басары, 1974- 75-ж. ошол эле армияда автотранспорттук ротанын командиринин

орун басары, 1976-80-ж. СССР МККнын Түркстан аскер округу боюнча дивизионунун радиотех. бригадасынын оперуполномочени, радиотех. полкунун улук оперуполномочени,
1982-85-ж. СССР МККнын Афганстандагы оперативдүү кызматкери, 1985-87-ж. МККнын Орто Азия, Түркстан аскер округу боюнча өзгөчө бөлүмүнүн улук оперуполномочени, 1987-92-ж. СССР МККнын Ташкенттеги окуу борборунун филиалында окутуучу, улук окутуучу, 1992-ж. КРдин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер контрчалгын бөлүмүнүн начальниги, 1992-94-ж. аскер чалгын башкармалыгынын начальниги, 1994-95-ж. КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысы, 1995-96-ж. КРдин ички иштер министри болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.