МОГОЛДОР ИМПЕРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |

| 1-сап: | 1-сап: | ||

МОГОЛДОР ИМПЕРИЯСЫ, Моголдордун

Улуу империясы (арабча |
МОГОЛДОР ИМПЕРИЯСЫ, Моголдордун

Улуу империясы (арабча фаожаож) -

моголдордун 1526-ж. 21-апрелде Дели султандыгынын (Индия) ордуна пайда болгон мамлекети. Негиздөөчүсү моңголдордун (могол) барлас уругунан чыккан Тимурдун тукуму, Захреддин Бабур болгон. Атасы Өмүр шейх өлгөндөн (1494, 9-июнь) кийин Фергананы башкарган. 1504-ж. өзбектерден куугунтукталып (Мухаммед Шейбаниге туруштук бере албай), Афганстанга качкан. 1525-ж. Бабур өзү менен кошо качып баргандардын жардамы менен Дели султандыгына чабуул коё баштаган. 1526-ж. Индстан ж. а-на толук ээлик кылып калган. Бабур көз жумган соң, Ганг менен Аму-Дарыяга чейинки зор аймак анын уулу Хумаюнга өткөн (1530-39, 1555-56), бирок иш жүзүндө бийликти афгандык Шер шахтын тукуму жүргүзгөн. Хумаюндун уулу Акбардын тушунда (1556-1605) М. и. күч-кубаттуу мамлекетке айланган. Ал башкаруу, финансы жана аскер системасында бир катар реформаларды ишке ашырган. Акбар уулу Селимдин «Жааңгер» (1605-27), Селим уулу Жахандын (1627- 57) учурунда мамлекеттик башкаруу бошоңдоп, жержерлерде козголондор чыгып, так талашуулар күчөгөн. 18-к-дын 2-жарымында М. и. үчүн мусулмандар (негизинен Ахмед шах Дуррани башында турган афган уруулары) менен маратхлар тынымсыз күрөшүп, маратхлардын жеңиши (1789) менен аяктаган да М. и. аларга көз каранды болуп калган. 1858-ж. Англиянын Ост-Индия компаниясынын аскерлери Делини басып алып, ыдырай баштаган мамлекетти аз сандуу күч менен жеңип алган. 1858-ж. 21-сентябрда М. и. жоюлду деп жарыяланган.

Ад.: Азимджанова С.А. Государство Бабура в Кабуле и Индии. М„ 1977; Гаскойн Б. Великие моголы. М„ 2003.

[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска