МИЧУРИН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:16 учурдагы нуска
МИЧУРИН Иван Владимирович (15(27). 10. 1855, азыркы РФ, Рязань обл., Пронский р-ну, Мичуровка кыш. - 7. 6. 1935, Мичуринск ш.) - биолог, СССРде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн илимий селекциясына

негиз салуучу; СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1935), ВАСХНИЛдин академиги (1935). Пронский уезддик окуу жайын бүтүргөн. М. сорт аралык жана алыскы тегинен гибриддештирүү, гибридди онтогенездин закон ченемине байланыштырып багып өстүрүү ыкмалары, ментора ыкмасы, көчөттү баалоо жана тандоо, физикалык жана химиялык факторлордун жардамы менен селекция процессин тездетүү, тексиз гибриддештирүүнүн теориялык негизин иштеп чыккан. М. аргындаштыруу үчүн баштапкы өсүмдүктү тандоо теориясын ачкан. СССРде көптөгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн райондоштурган. М. жүзүм, кызыл өрүк, гилас ж. б. түштүктө өсүүчү өсумдуктөрдү суук жакка (Түндүк жактарга) өстүрүүгө жол ачкан. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Өсүмдүк генетикасы жана селекциясы боюнча жетишкендиктер үчүн ыйгарылуучу И. В. Мичурин атындагы алтын медаль белгиленген.
Эмг.: Соч., 2-е изд. М., 1948. Т. 1-4. Итог шестидесятилетних работ. М., 1950.
Ад.: Иванов С. В. И. В. Мичурин и его наследие: жизнь и деятельность в фотографиях и документах. М., 2005.