МУСРЕПОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУСРЕПОВ Габит Махмутович [9(22). 3. 1902, азыркы Түндүк-Казакстан обл., Жамбыл р-ну, Жаңы-Жол айылы - 1985, Алматы] - казак жазуучусу жана коомдук ишмер, Казак ССР ИАнын академиги (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Омскидеги а. ч. институтунда окуган (1926-27). Чыглыгы 1926-жылдан башталган. «Туйлаган толкунда» аттуу туңгуч повести (1928) граждандык согуш окуяларын баяндайт. 20-жылдардын аягы - 30-жылдардын башында очерк, аңгеме циклдерин («Көк үйдөгү кошуналар», «Туннель», «Жеңилген Есрафиль», «Үзгүлтүксүз өсүш» ж. б.) жана «Алгачкы адамдар» повестин, эне жөнүндө новелла циклин («Эне», 1934) жараткан. 40-50- жылдарда Улуу Ата Мекендик согушту баяндаган «Казак солдаты» (1949), казак жумушчулары тууралуу «Ойгон өлкө» (1953) романдарын жазган. М. - «Кыз Жибек» операсынын либреттосунун (1935), «Козу Көрпөш-Баян сулуу» (1939), «Ахансере-Актокты» (1942) пьесаларынын автору. М. кийинчерээк кайрадан аңгеме, новелла жазууга өтүп, «Ооба, бул - анын изи» (1962), «Турмуш чакырыгы» (1963) сыяктуу аңгемелерди жаратты. «Бир жолу жана өмүр бою» повести (1967) үчүн Абай Кунанбаев атындагы Казак ССР мамлекеттик сыйл. алган (1970). Чыгармалары чет элдердин тилдерине, ошондой эле кыргыз тилине да которулган. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.