МУРЗУБРАИМОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУРЗУБРАИМОВ Бектемир 12. 12. 1940-жылы туулган, Ош обл., Өзгөн р-ну, Ичке-Сай айылы) - химия илимдеринин доктору (1986), проф. (1987), КР УИАнын академиги (2000). Ош МПИни (1962), КМУнун аспирантурасын (1965) бүтүргөн. Орто мектепте (1962-63), Ош МПИде окутуучу, доцент, кафед­ра башчы, декан, проректор (1965-86), ОшТУда (1993-98), ОшМУда (1998-2005) ректор болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000-07). 2008-09-ж. КР УИАнын Химия жана химиялык технология институтунда лабор. башчысы, 2009-жылдан ошол институттун директору. 2011-ж.

«Кыргызстан» элдеринин ассамблеясы төрагасы болуп шайланган. Органикалык эмес химия боюнча адис. КРдин эмг. сиң. мугалими (1995). Эл аралык «Руханият» сыйл. лауреты (2001). 250 ашык илимий эмге­ги, анын ичинде 2 монография, 8 окуу китеби жана окуу метод. куралы, 3 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Основы инженерной

экологии. Учебник. Ош, 1997; Синтез и свойства металлоамидных комплексов. Б.; Ош, 1999; Физикалык жана коллоиддик химия (авторлош). Ош, 2000; Жалпы химия (авторлош). I, II том. Ош, 2000.