МУЛЬТИПОЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУЛЬТИПОЛЬ (латынча тиИшп - көп жана грекче ро1о5 - уюл) электрдик - белгилүү симметрияга ээ болгон электр заряддарынын (уюлдар) системасы. Татаалдыгына жараша М-дун нөл тартиби бир заряд, 1-тартиптегиси - диполь, 2 - квадруполь, 3 - октуполь ж. б. деп аталат. М-дун негизги мүнөздөөчүсү - М-дук момент жана ал сырткы талаалар менен болгон энергиялык байланышын, талаанын бурчтук көз карандылыгын, негизги-чондуктарын аныктайт.
МУМБАИ (1995-ж.
чейин Б о м б е й) - Индиянын батышындагы шаар. Араб деңизинин жээгинде, Соллет а-нда жайгашкан. Администрациялык жактан эки бөлүктөн - Түштүк Мумбаи (Арал шаар аталат) жана Шаар айланасы округунан турат. Экөө
биригип, Чоң Мумбаи шаар корпорациясын түзөт. Өлкөнүн негизги ө. ж., соода-финансы, экономикалык жана маданий борборлорунун бири. Махараштра штатынын администрациялык борбору. Калкы 12,5 миллион (2011; шаар айланасы менен 18,4 миллион); калкынын саны боюнча Индиядагы 2 ири порт (жылына 54,5 миллион тга жакын жүк ташылат) жана дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири. Бомбей порту «Индиянын дарбазасы», ал аркылуу өлкөнүн сырткы деңиз соодасынын '/^ине жакыны, импорттун х/4и өтөт. Эл аралык аэропорту (Түштүк Азиядагы эң чоң; 24,3 миллион жүргүнчү, 530,3 миң т жүк) бар. Дүйнөдөгү кебез-кездеме чыгаруучу ө. ж-нын ири борборлорунун бири (жалпы Индия өндүрүшүнүн 1/4и). Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Өлкөнүн финансы-экономикалык борбору. Резерв банкы, монета сарайы (Индиядагы 4өөнүн бирөө), мамлекеттик жана жеке банктардын кеңселери, көптөгөн эл аралык компаниялардын өкүлчүлүктөрү, товар, фонд (1875; Азиядагы эң эски) жана пахта биржалары жайгашкан. Ар кыл машина, кеме, станок куруу, металл иштетүү, химиялык, текстиль, нефть-химиялык, полиграфиялык ө. ж. өнүккөн жана күндөлүк керектелүүчү товарлардын бардык түрү чыгарылат. Неоготика стилинде салынган т. ж. (карапа такталар колдонулган; 1878-76) жана Бомбей бухтасындагы Элефанта а-ндагы үңкүр храмдар Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Эки университет, институттар, Эл аралык индия киносу академиясы, музейлер, сүрөт галереясы иштейт. Кино ө. ж. (Индиядан чыккан кинофильмдердин 2/3сине жакыны) алдыңкы орунда. М-ын качан негизделгени белгисиз. 1534-ж. аны португалиялыктар басып алган. 1661-ж. португалиялык хан кызы англ. король Карл Пге турмушка чыкканда, жээктеги аралдар менен кошо сеп катары Англияга өткөн. 1668-ж. англ. ОстИндия компаниясына берилген. Мурун (1661- жылдан) М. Британиянын Батыш Индиядагы башкы факториясы жана таяныч пункту болгон. 2008-ж. М-де бир нече жолу терракт (195 адам каза болуп, ЗООдөйү жабыркаган) болгон. Эки жылда бир кино, документ, кыска метраждуу, анимациялык фильмдердин фестивалы (1990- жылдан) жана дерби (ат спорту, 1798-ж. алгачкы жарыш болгон; 2004-жылдан марафон) өткөрүлүп турат. М-га жакын жерде Тарапур АЭСи (кубаттуулугу 1400 МВт) курулган. Туризмдин (маданий-оюн-шоок, спорт, пляжда эс алуу) ири борбору. Ботаникалык бак уюштурулган.
