МУЛЬТИПЛИКАЦИЯЛЫК ФИЛЬМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУЛЬТИПЛИКАЦИЯЛЫК ФИЛЬМ — кино иск­восунун бир түрү; мында кино үчүн тартылган сүрөттөрдү (графикалык мультипликация) же атайын жасалган куурчактардын ырааттуу кый­мылын киного тартуу менен (көлөмдүү мульти­пликация) чыгарма түзүлөт. Графикалык муль­типликация чындыкты элестетүүнүн өзгөчө шарттуу формасы болуу менен, фантазиялуу окуя­ны жана болмушту өз алдынча таасирдүү элес түрүндө көрсөтө алат. М. к-нун көркөм каражат­тары өтө курч фольклор, сатира, притчага өзгө­чө жакын. Мурда фильмдин сүрөттөрү жана жа­зылуучу сөздөр мультипликация станогу менен тартылган. Ал станоктун эң жөнөкөй түрү вер­тикаль станинадан жана кыймылдуу столдон ту­рат. Автоматташтырылган станоктун конструк­циясы да ушул сыяктуу, бирок анда бардык кыймыл электр кыймылга келтиргичи менен баш­карылган. Учурда М-лык ф-ди тартууда заман­бап техникалар: компьютер, цифралык фото­аппарат, компьютердик программа (вектордук, фракталдык жана үч өлчөмдүү - ЗП), графика колдонулат, к. Анимациялык кино.

Г. Төлөмүшова.