МУКАБА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУКАБА — китептин тышы. Картон, булгаары, кездеме, кагаз, ледерин, коленкор, полимер ж. б. материалдан жасалып, бышык жана бекем болот. Китептин тигилген басма табактары - китеп блогу М-га бириктирилип желимделет. Китептин тышкы көрүнүшүнө, китеп блогун бекитүү жана аны тышына бириктирүү ыкмасына жараша М. туташ жана курама, катуу жана жумшак болуп бөлүнөт. Туташ М. бутүндөй бир түрдөгү материалдан жасалат, курама М. түбү менен корешогу бир түрдүү материалдан, картондун бети башка материалдан даярдалат. Китептин көлөмүнө ылайык М-нын көп (№ 1ден № 9га чейинки) түрү бар. М-лар китеп тыш даярдоочу машиналарда жасалат. Китеп продукциясын массалык түрдө даярдоодо М-нын № 4, 5, 7 түрлөрү көп колдонулат.