МУЗКОЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУЗКОЛ - Чыгыш Памирдеги кырка тоо, Та­жикстанда. Мургаб д-нан түндүктө, дээрлик кең­дик багытта 110 кмте созулуп жатат. Эң бийик жери 6233 м (Советтик офицерлер чокусу). Негизи­нен метаморфизмделген сланец, акиташ теги жана кумдук тоо тектеринен түзүлгөн. Эң бийик бөлүгүнө аска-зоокалуу тоо-мөңгүлүү рельеф мүнөздүү. Таштак, аска-зоокалуу, корумдуу, тик капталдуу, мөңгүлүү бийик тоо ландшафты үс­төмдүк кылат. Этектерин бийик тоо суук чөлү ээлейт; анда суйдаң криофил өсүмдүктөр өсөт.