БӨРҮ (кыргыз уруусу): нускалардын айырмасы
м (Temirkan moved page БӨРҮ 1 to БӨРҮ (кыргыз уруусу)) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БӨРҮ ''' – кыргыз урууларынын бири. Оӊ канат урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу жөнүндөгү | '''БӨРҮ ''' – кыргыз урууларынын бири. [[Оӊ канат]] (кара: [[АК УУЛ|Ак уул]]) урууларынын [[АДИГИНЕ-ТАГАЙ|адигине]] уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу жөнүндөгү [[санжыра]]лык маалыматтар боюнча оӊ канаттагы Адигине-Тагай бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – Адигиненин беш уулунун бирөөсү Бөрү. Бул уруу андан тараган тукумдардан түзүлгөн. Илимий көз караштарда Бөрү уруусунун аталышы байыркы тотемдик түшүнүктөр менен байланышта экендиги белгиленет. Белгилүү болгондой орто кылымдардагы көпчүлүк түрк уруулары өзүлөрүнүн жаралыш тегин бөрү менен бирге караган уламыштарды калтырышкан. Ушул себептерден Бөрү уруусу кыргыз уруулук курамындагы байыркы [[этнос]]тук компоненттердин бири болуп, алардын генезисинен орто кылымдардагы түрк уруулары менен тектештик байкалат. Бөрү уруусу ич ара бир канча уруктарга бөлүнөт. Аларга – атаке, бабаке, буйла-бөрү, ожукту, кара бөрү, ак чубак, шаа, бабалы, байыш, тана, атантай, тастар топтору киришет. Уруунун өкүлдөрү басымдуу жайгашкан аймактар – [[Ош облусу]]нун [[КАРА-КУЛЖА РАЙОНУ|Кара-Кулжа]], [[Өзгөн]], [[КАРА-СУУ РАЙОНУ|Кара-Суу]], [[Ноокат]] ж. б. райондору.<br/>''Р. Жолдошев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:22, 8 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БӨРҮ – кыргыз урууларынын бири. Оӊ канат (кара: Ак уул) урууларынын адигине уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу жөнүндөгү санжыралык маалыматтар боюнча оӊ канаттагы Адигине-Тагай бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – Адигиненин беш уулунун бирөөсү Бөрү. Бул уруу андан тараган тукумдардан түзүлгөн. Илимий көз караштарда Бөрү уруусунун аталышы байыркы тотемдик түшүнүктөр менен байланышта экендиги белгиленет. Белгилүү болгондой орто кылымдардагы көпчүлүк түрк уруулары өзүлөрүнүн жаралыш тегин бөрү менен бирге караган уламыштарды калтырышкан. Ушул себептерден Бөрү уруусу кыргыз уруулук курамындагы байыркы этностук компоненттердин бири болуп, алардын генезисинен орто кылымдардагы түрк уруулары менен тектештик байкалат. Бөрү уруусу ич ара бир канча уруктарга бөлүнөт. Аларга – атаке, бабаке, буйла-бөрү, ожукту, кара бөрү, ак чубак, шаа, бабалы, байыш, тана, атантай, тастар топтору киришет. Уруунун өкүлдөрү басымдуу жайгашкан аймактар – Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат ж. б. райондору.
Р. Жолдошев.