МОТЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОТЕЛЬ (англ. motor - автомобиль жана hotel - мейманкана) - автотуристтер үчүн техникалык тейлөө, май куюу жайы, гараж, автомобиль токтоочу жайы бар мейманкана; эшиги көчө тарапка ка­раган (автомобиль токтоочу жайга каратылат) чакан мейманкана. М-дер негизинен 1 же 2 ка­баттуу, айрым учурда түрдүү тейлөөнү камтыйт (ресторан, автомобиль аянтчасы, техникалык тейлөө, май куюу станциялары ж. б.) комплекстерди түзөт. М-дер чоң шаарлар менен курортторго жа­кын, автомобиль жолдорунун боюнда жайга­шат. Тейлөө кызматтынын наркы минималдуу, арзан.