МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК КӨРКӨМ ИНСТИТУТУ В. И: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК КӨРКӨМ ИНСТИТУТУ В. И. Суриков атындагы - Россиядагы сүрөт искусствосу боюнча жогорку көркөм окуу жайы. Живопись жана ийчилик окуу жайы менен байланыштуу. 1937-ж. Москва сүрөт институту аталып, 1948-ж. В. И. Суриковдун ысмын алган. Окуу жайдын реалисттик сүрөт искусствосунун очогуна айланышына анын алгачкы ректорлору И. Э. Грабарь менен С. В. Герасимовдун (1930-40-ж.) салымдары зор. Институтта ар кандай мезгилдерде ири чебер сүрөткерлер тобу (Д. С. Моор, Б. В. Иогансон, Атап Айтканда Дейнека,
В. А. Фаворский, М. Г. Манизер, Д. К. Мочальский, С. А. Чуйков, А. М. Грицай, Н. В. Томский, В. А. Лазарев, Т. Т. Салахов ж. б.) сабак беришкен. Институтта живопись, графика, скульптура факультеттери, станоктук, театр-жасалга, монумент живописи, китеп, плакат, станоктук графика өнөрканалары бар. Институтта Европа, Азия, Африка өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алышат. Кыргызстандан А. Мухитдинов (скульптор), С. Төрөбеков, М. Сыдыкбаев (театр художниги), А. Бейшенов, Ж. Кадралиев, Ж. Үмөпгов, К. Аманкожоев, А. Асранкулов (живописчи) ж. б. сүрөтчүлөр билим алышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.