МООНЗУНД АРХИПЕЛАГЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МООНЗУНД АРХИПЕЛАГЫ, Б а т ы ш Э стон архипелагы Балтика деңизиндеги аралдар тобу. Рига булуңунун түндүк-батыш тарабында; Эстонияга карайт. Жалпы аянты
4000 км2 болгон 500дөн ашуун аралдан турат; ири аралдары: Сааремаа, Хийумаа, Муху, Вормси. Аралдары негизинен акиташ тектеринен туруп, айрым жерлери мөнгү жана деңиз чөкмөлөрү менен капталган. Жээктери булуң-буйткалуу; Жеринин бети түзөң (бийикт. 54 жче). Көлү көп. Коруктары: Вийдумяэ, Вильсанди. Климаты мелүүн жылуу, кышы жумшак (январдын орт. температурасы -4°С), жайы жылуу (июлдуку 17°С); жылдык жаан-чачыны 550 жлдей. Аралдардын басымдуу бөлүгүн токой массивдери менен кезектешип жаткан шалбаа ээлейт. Жээктеринде кызыл карагайлуу кум дөбөлөрү (дюналар) мүнөздүү. Чымдак-карбонаттуу жана саз топурактары мүнөздүү. Балык уулоо, дыйканчылык жана мал чарбасы өнүккөн. Ири шаары - Курессаре.