МОНЕТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОНЕТА - белгилүү бир формада металлдан (алтын, күмүш, жез) ж. б. материалдан жасал­ган акча белгиси (тыйын). Ал жүгүртүү жана төлөө каражаты катары колдонулат. М-нын өңү жана арткы бети, тегерек кыры болот. Бетине атьг, чыгарылган жылы, тиешелуү шаардын, мам­лекеттин наамы, оймо-чийме сүрөт түшүрүлөт. М-нын алдынкы жагы аверс жана арткысы ре­верс деп аталат. Болжол менен биздин заманга чейинки 685-ж. Ли­дия мамлекетинде (Ардиз падышасы учурунда) алтын же күмүш М-лар пайда болгон. Анын бир бетине проба коюлуп, экинчисине ассирия арс­танынын келбети түшүрүлгөн. Кийинчерээк акча-товар мамилелери менен сооданын өнүгүшүнө байланыштуу. М. Грекия, Байыркы Рим, Ин­дия, Кытай ж. б. өлкөлөрдө кеңири тараган. Кыргызстанда алгачкы М. коллекциялык түрдө 100 сомдук номиналда алтын жана 10 сомдук номи­налда күмүштөн жасалып, 1995-ж. 11-августта

«Улуу Жибек жолу» эстелик коллекциялык монета­сы (2011). Сүрөтчү-дизайнерлер: Сагымбаев М. К., Турумбеков К. Э.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган. Ошондой эле Ош ш-нын 3000 жылдыгы­на, Курманжан датканын 200 жылдык маара­кесине, Улуу жибек жолу, Чыңгыз Айтматов­дун элесине, анын чыгармаларына арналган ж. б. коллекциялык М-лар латун жана никел­ден жасалган. Коллекциялык М-ларда негизи­нен архитектуралык эстеликтер, Кыргызстандын жараты­лыш дүйнөсү чагылдырылган. Ч. Айтматовдун чыгармаларына арналган жогорку чеберчилик­теги М-лар топтому Санкт-Петербург ш-нда өткө­рүлгөн эл аралык сынакта «БИВЛИО-ГЛОБУС» Соода үйүнүн ардак дипломуна (2010), «Улуу жибек жолу» М-сы Берлинде «Жылдын мыкты монетасы» сынагынын лауреаты (2013) болгон. М-ны иштеп чыгуу ж=а чыгаруу - КР улуттук банкынын негизги милдети.