МОМУШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОМУШ Шапак уулу (1910, Кочкор р-ну, КараСуу айылы - 18. 2. 1986, ошол эле жер) - манасчы. Белгилүү манасчыШапактын уулу. 1981-ж. андан «Манас» (9251 сапыр), 1985-ж. «Семетей» бөлүмүнөн (1600 сап ыр) ж. б. айрым эпизоддор жазылып алынган жана КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. М-тун варианты атасы Шапак Рысменде уулу менен С. Каралаевдин варианттарына үндөш. Ал көбүнчө «Чоң казатты» көркөмдүк деңгээлин төмөндөтпөй, «Семетей» бөлүмүнөн Семе-

тейдин Букардан чыгышы, жолдон Коңурбайга жолугуп, аны менен беттешип жеңиши, Таласка жол жүрүшү, Семетейдин Үргөнчтү кечиши сыяктуу кеңири белгилүү салттык эпизоддорду чебер айткан. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.