МОЛДОБАСАНОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОЛДОБАСАНОВ Калый (28. 9. 1929, Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Терек кыш. - 29. 5. 2006, Бишкек) - композитор жана дирижёр, Молдобасан Мусулманкуловдун уулу. Кыргыз ССР эл арт.
(1974), СССР эл арт. (1979). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1991). 1976-ж. «Саманчы жолу» балет-ораториясы үчүн СССР мамлекеттик сыйл. ыйгарылган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореогр. окуу жайын (1946), Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн (1954), КМИИни бүтүргөн (1973). 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, П. Ф. Шубиндён таалим алган. 1966-72-ж. Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр. 1973-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде окутуучу, 1983-86-ж. ректору, ошол эле мезгилде 1979-96-ж. Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы болгон. М-дун симфониялык бийлери, сюиталары, кантаталары, ондогон аспаптык пьесасы, 50гө жакын вокалдык чыгармасы бар. Алгачкы көлөмдүү чыгармасы «Куйручук» балети (Г. Окунев менен бирге) жаш композиторлордун Бүткүл союздук конкурсунда сыйлыкка ээ болгон (1960). Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыгып, эл аспаптар оркестри үчүн чыгармаларды жараткан: «Гүлдө, Кыргызстан» (1964), «Шаңдан, Кыргызстан» (1974) кантаталары, «Биздин күндүн адамдары», «Достук», «Бактылуу жаш-
тык» симфониялык сюиталары, «Ленин жөнүндө ыр» (1974), «Кыздын ыры» (1963), «Жайлоодо» (1958), «Өрттөнсүн бозой жалынга» (1961), «Көл вальсы» (1969) ж. б. ырлары, «Манастын уулу Семетей», «Манастын кошууну» симфониялык чыгармалары бар. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын («Кыргыек», «Бак тигели», «Кызыл топ», «Жамгыр» ж. б.). «Саманчынын жолу» балет-ораториясы композитордун ири эмгеги болуу менен кыргыз профессионалдык музыкасына жаңылык киргизген. Ал Болгария, Чехословакия, Россиянын көптөгөн шаарларында коюлган. «Манас» (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, 1966), «Белгисиз солдат» (К. Молчанов, 1976), «Отелло» (Ж. Верди, 1968), «Борис Годунов» (М. Мусоргский, 1972), «Айчүрөк» (В. Власов, А. Малдыбаев,
В. Фере, 1986) операларына жана «Асел» балетине дирижёрлук кылган. М-нын «Маңкурт жөнүндө баян» (1990) балети чоң ийгиликке жетишкен. Соңку жылдары «Жаңыл Мырза» балетин жазган. М. Москва, Ленинград, Алматы, Новокузнецк ж. б. ш-дын театр спектаклдерине дирижёрлук кылган. М-дун «Гүлдөгөн Кыргызстан», «Кантаталар, хорлор», «Балдар ырлары», «Саманчы жолу» балет-ораториясы (клавир) ж. б. жыйнактары жарык көргөн. СССР эл депутаты, Кыргыз ССР Жог. Советине 3 жолу депутат болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», 3-даражадагы Манас ордендери жана медатдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекеттик консерваториясына ысмы ыйгарылган.



