МОЛДОБАЕВ Имель Бакиевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОЛДОБАЕВ Имель Бакиевич (15. 2. 1942, Ысык-Көл обл., Каракол ш. - 19. 11. 2005, Биш­кек) - тарыхчы, этнограф, тарых илимдеринин док­тору (1995), проф. (1998). КРдин илим жана тех­ника жаатындагы К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (2000). КМУну бүтүргөн (1972). 1972-88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтун­да илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, жетек­төөчү илимий кызматкер. 1988-95-ж. этнография, 1995-2005-ж. археология жана этнография бөлүм­дөрүнүн башчысы болуп иштеген. Кыргыз фоль­клорун, негизинен «Манас» эпосун тарыхый-эт­ногр. жактан изилдөө боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору. Ю. Н. Рерих атындагы юбилейлик медалы менен сый­ланган.