МОЛДО КЫЛЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Коч­кор өрөөнү - 1917, ошол эле жер) - кыргыз жаз­ма акыны; «Замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. М. К. өзү жашаган учурдагы коом­дун зирек инсаны, билимдүүсү, карапайым эл­дин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып аш-тойлор­до ырдаган эмес. Чыгармаларында элди эмгек­ке үндөп, паракорлор менен зулумдарды жектеп, орус падышачылыгынын эзүүчүлүк саясатына каршы турат. Анын «Кыз-жигит», «Балбан», «Алдамчы», «Колказал», «Керметоо», «Жин­дисуу», «Чүйбаяны», «Канаттуу», «Бүркүттүн тою», «Буудайык», «Зар заман», «Зилзала», «Көбөй Султан» ж. б. казалдары бар. М. Комитетын замандаштарынын айтуусуна караганда, ал «Чүй баянын» жазгандан кийин гана акын ата­лып, эл оозуна кире баштаган. «Кыз-жигит» чы­гармаларынын алгачкысы болуу керек. Антке­ни, автордун көркөмдүк чеберчилик жагынан такшала электиги байкалат. 0. эле бул казал элдик фольклор стилинде жазгандыктан, акын­дын чыгармачылык жүзү анча байкалбайт. «Чүй бая­ны» аталган Токмок ш. жана Чүй өрөөнүнүн жа­ратылыш байлыктары жөнүндөгү казалын Кочкор­дон биринчи жолу Чүйгө келип, Токмок ш-н көргөндөн кийин 80-жылдардын акырында жазган болуу керек. «Чүй баянынын» адабий мааниси менен катар тарыхый мааниси зор. Мында кыргыз жерине шаар түшүп, кыргыз элине жаңы тиричилик мамилеси кире баштагандыгы айты­латынча Ошондуктан, «Чүй баянын» тарыхый-со­циалдык поэма десе болот. 1911-жылкы жер сил­кинүүдөн кийин жазган «Зилзаласында» ал 1916-ж. козголоң болорун болжойт (Беш-алты жыл ичинде,/Бир алаамат башталар.). «Канат­туулар» менен «Бүркүттүн тоюнда» канаттуулар сүрөттөлгөнү менен анда социалдык турмушу да чагылдырылат. Куштардын мамилесинен коом­чулуктун, кишилердин мамилеси көрүнөт. Баа­тыр куштарга жору, кузгун, кажырларга окшо­гон арам тамак залимдерди карама-каршы коёт. Карга, сагызгандарды коркок, кошоматчы, су­галак шылуун катары көрсөтөт. Кекилик, чил, бөдөнө, өрдөк, безбелдектерге окшогон канат­туулар көрүнгөнгө жем болгон момундар сыпа­тында жазылган. Тоту, булбул, торгойлор бол­со - калың кара куштардын ичиндеги көркөм - гөзөлдөр, шайыр - чечендер, сопу - эшендер катары сыпатталат. «Зар заман» - М. Комитетын эң ири чыгармасы. «Зар заман» санат түрүндө жазылган. Анда ырааттуу өнүктүрүлгөн сюжет, тема жок. М. К. эң абалы падыша өкмөтүнүн колониялык саясатын, жергиликтүү бий-болуштардын адилетсиз сурагын, эзилген элдин кыйналган абалын сыпаттайт. Кийин ага улам жаңы мате­риалдар кошулуп, идеялык-тематикалык жак­тан көп тармактуу болуп кеткен. 1911-ж. жер титирөөнүн негизинде «Кысса и зилзала» деген чыгармасын жазган. Ал 1911-ж. Казандан басы­лып чыккан. Бул - кыргыз адабиятынын тарыхын­дагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп. Ки­йин 1925-ж. «Тамсилдер» деген ат менен Москва­дан 2-китеби чыгып, ага «Канаттуулар», «Буу­дайыктын тою» («Вүркүттүн тою» деп да ата­лат), «Буудайык» деген казалдары кирет. «Ка­наттуулар» деген казалдары 1946-жылы Туулган Саман­чиндин түзүүсүндө «Иргелген казалдары», «Ка­залдар» (1991), «Буудайыктын тою» (1993) де­ген китептери жарык көргөн. Ысмы Кочкор р-нундагы айылга берилген.