МОДЕРНИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МОДЕРНИЗМ (фр. modernisme, moderne - заман­бап, соңку) - 20-к-дагы искусстводогу реалисттик эмес, авангарддык багыттардын жыйындысы {символизм, футпуризм, экспрессионизм, сюрреа­лизм ж. б.). Бул түшүнүк авангардизмдин өзүнө көңүл бурдурган классикалык салттардан баш тартуусун, субъективизм, миметикалык образ­ДУУлук менен форма логикасынын бузулушу, аб­сурдизм тенденциялары, кокустуктарга табы­нуу, искусство менен курчап турган чындыктын ор­тосундагы чектердин жуулуп кетиши сыяктуу негативдик баалоолорду өз ичине камтыйт. Дүй­нөлүк көркөм маданияттын бир көрүнүшү катары М-дин пайда болушу 1860-жылдарга - Европа­лык искусстводо жаңы тенденциялардын пайда болгон мезгилине (архитектурадагы каркастык кон­струкция жана темир-бетон, живописте импрес­сионизмдин пайда болушу ж. б.) туура келет. М. искусствосу программалык түрдө антиавтори­тардык, антитрадйциялык мүнөздө болот. Сүрөт­төө тилинин көркөм каражаттык жаңылыкта­ры менен ички эркиндигинен турган принципиал­дуу кайталангыс чыгармаларды жаратуу мак­сатында, көркөм чыгармачылыктын формалдуу плас­тикалык, композициялык жана колористтик проблемаларын арттыруу М-дин маанилүү бел­гилеринен болуп эсептелет. 19-к-дагы М-дин ири өкүлү болгон Ван Гог (живопись) искусствонун бар­дык карама-каршылыктарын чоң көркөмдүк менен чагылдырган.