МОДЕЛЬ (математика): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОДЕЛЬ математикада­математикалык сим­волдордун жардамы менен сырткы дүйнөнүн кан­дайдыр бир кубулуштарынын классын болжол­дуу жазуу. М. - сырткы дүйнөнү таанып-би­лүүнүн күчтүү ыкмасы, ошондой эле алдын ала айтуу жана башкаруунун негизи. М. анализи изилде­нүүчү кубулуштун маңызын ачууга мүмкүндүк түзөт. М-дөө процесси, башкача айтканда кубулуштарды М-дин жардамы менен изилдөө 4 этапка бөлүнөт: 1) М-дин негизги объектилерин байланышты­руу закондорун аныктоо. Мында изилденүүчү ку­булуш фактыларын жана өз ара байланыштары терең изилденип, объектилердин ортосундагы байланыш жөнүндөгү аныкталган түшүнүктөр ма­тем. тил менен жазылат; 2) М-дер келтирилүүчү математикалык маселелерди изилдөө. Мындагы негизги маселе М-ди анализдөөнүн натыйжасында алуу. Бул этапта М-ди анализдөөчү математикалык аппарат жана эсептөө техникасы маанилүү ролго ээ; 3) ка­был алынган гипотезалык М. практиканын кри­терийин канааттандырарын аныктоо. Бул ме­тод макро­жана микродүйнөнүн бизге түздөн-түз түшүнүксүз кубулуштарын изилдөөдөгү бирден бир метод болуп эсептелет; 4) изилденүүчү кубу­луштар жөнүндөгү белгилүү маалыматтардын

топ­толушуна карата М-ди андан ары анализдөө жана өркүндөтүү (модернизациялоо). Изилденүүчү кубулуштар жөнүндөгү белгилүү маалыматтар илим менен техниканын өсүш процессинде улам такта­ла берет. Тышкы дүйнө кубулуштарын изилдөө­нү математикалык маселелерге келтируүчү М-дөө методу изилдөөнүн башка методдорунун ичинде алдын­кы орунда турат. Ал айрыкча ЭЭМдин пайда болушу менен өзгөчө орунга чыкты. Ал илим менен техниканын татаал маселелерин чыгарууга, оптималдык режимде иштөөчү жаңы техникалык кара­жаттарды долбоорлоого мүмкүндүк түзөт.

Математикалык М. башкаруунун маанилүү каражаты катары да өзүн көрсөтө алды. М. эл чарбасынын дээрлик бардык тармактарында колдонулат.

Ад.: Иванилов Ю.П., Лотов А. В. Математические модели в экономике. М., 1979; Краснощеков П. С., Петров Атап Айтканда Принципы построения моделей. 2-е изд. М., 2000; Самарский Атап Айтканда, Михайлов А. П. Матема­тическое моделирование. Идеи, методы, примеры. М., 2005.