МУХАММЕД ажы Ху Чженьхуа: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУХАММЕД ажы Ху Чженьхуа (9. 1. 1931-жылы туулган, КЭР., Шандунь провинциясы, Шищдао ш.) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1980), проф. (1986), КР УИАнын ардактуу академиги (1999). Дунгандын үй-бүлөсүнөн. 1948-ж. Кытай мамлекеттик Чыгыш тилдер университетинин араб тили факультетине кирип, 1949-жылдан орус тилин окуй баштаган.

Кытайдагы Шандунь университетин (1951), Нанжиш чыгыш тилдер институтун (1953), Пекин Борбордук улуттук университетин (1955) бүтүргөн. Орус, араб тилдеринен тышкары уйгур, кыргыз ж. б. тилдерди да жакшы өздөштүргөн. Кытайтүрк тилдерин үйрөнүү боюнча комитеттин жана Пекиндеги Ислам коомунун төрагасынын орун басары (1998). Кыргыз тарыхын изилдөөгө зор салым кошкон. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. «Манас» эпосун (1-бөлүмү) алгачкы ирет кытай тилине которгон. 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.