МУУНАК БУТТУУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУУНАК БУТТУУЛАР (Arthropoda) - омурт­касыз жаныбарлардын тиби. Денеси эки кап­тал-симметриялуу хитин кабыгы менен каптал­ган, буттары муунактуу (аты ошондон). Хитин кабыгы тулкун сырткы таасирлерден коргойт, анын ички бетине булчуңдар бекийт. Тыным­сыз өсүшүнө карай хитин кабыгы мезгили менен түлөп турат. Сезүү органдары, ошондой эле фасеттүү татаал көздөрү жакшы өөрчүгөн. М. б. бакалоор, кургактагылары өпкө же трахеялары аркылуу дем алат. Нерв системасы мээден, нерв түйүнүнөн жана нерв жипчелеринен түзүлөт. Жүрөгү мета­мердүү (бөлүктүү), кан айлануусу туюк эмес. Бөлүп чыгаруусу - мальпиги түтүкчөлөрү, кээде метанефридиялар. Айрым жыныстуу, жыныс жолу менен көбөйөт. Кээде партенегез да учурайт. Татаал түзүлүштүү М. б-дын өөрчүшү м.етомор­фоз жолу менен өтөт. Алар түрдүү, негизинен азот алмашуу продуктусун (желе, жибек, мом, уулуу жана жыттуу заттар) бөлүп чыгарат. М. б-дын 4 типчесинде азыркы жана казып алынган, сууда жана кургакта жашоочу 1-1,5 миллион түрү белгилүү. Булардын биосферадагы мааниси чоң. Алардын кээ бири тамак-аш катары пайдаланылат, ай­рымдары - киши жана жаныбардын оору козго­гучтарын таратуучулар жана мителер; өсүмдүк чандаштыргычтар, а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыян­кечтери.