МУТАГЕНЕЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУТАГЕНЕЗ (мутация жана ...генез) - организм­де тукум куума өзгөргүчтүк - мутациянын пай­да болуу процесси. М-дин негизин тукум куугуч информацияны сактоочу нуклеин кислоталарынын молекуласындагы өзгөрүүлөр түзөт. Мындай өзгөрүүлөр гендик мутациялар же хромосома­лык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болот, ошондой эле клеткалардын бөлүнүү мезгилинде митоз­дук аппараттын бузулушунан да болушу ыкты­мал. Нуклеин кислоталарынын (ДНК, РНК) бузу­лушу углевод фосфаттын ажырашына, нуклео­тиддердин жоголушуна же болбосо азоттук не­гиздердин өзгөрүүсүнө байланыштуу. Нуклеотид­дер кошулуп же түшүп калса, генетикалык информация туура эмес берилет же өзгөрөт. М-дин жүрүшү түрдүү мутагендерде ар түрдүү болот. Ультра­кызгылт көк нурлар атомдордун электрондук кабыкчасын дүүлүктүрүп, нуклеин кислоталарын­да химиялык реакцияларды пайда кылат да, мута­цияга алып келет. Айрым мутагендер цито­плазмалык аппараттын түзүлүшүн бузат, хро­мосомалар бир-бирине жабышып, полиплоид­дик организмдерди түзөт, кээде хромосомалар туура эмес бөлүнүп, анеуплоидияны жаратат. Селекцияда М. жаныбардан, өсүмдүктөн жана микроорганизмден пайдалуу мутанттарды алуу үчүн колдонулат.