МУРАТААЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУРАТААЛЫ Күрөңкөев (20. 2. 1860, Жети-Суу обл., Каракол у., Талды-Булак кыш. - 12. 1.

1949, Кемин р-ну, Кара-Дөбө кыш.) - кыргыздын залкар комузчусу, кыл кыякчы, чоорчу. Кыргыз ССРинин эл арт. (1939). Чоң атасы Белек, атасы Күрөңкөй кернейде, сурнайда, чоордо, комузда, кыл кыякта, домбрада мыкты ойноп, күү да чыгарышкан. Күрөңкөй жокчулуктан Чоң Кеминге көчүп
келип, жалданып оокат кылган. Атасы М-ын шыгын байкап, ага кыяк, комуз чертүү ыкмаларын үйрөткөн. М. 15 жашынан эл аралап, жыйындарда комуз чертип, казак, өзбек, орус музыканттары менен кезигишкен. М. 1922-ж. Караколдо комузчулар ийримин жетектеген. 70 жашында Фрунзеге чакырылып, 1928-36-ж. Кыргыз театрында музыкант болуп иштеген. 1936-ж. Кыргыз филармониясында Шубиндин жетекчилиги менен уюшулган эл аспаптар оркестринде кыл кыякта ойногон. Кат тааныбагандыгына карабастан, музыкалык сабатты үйрөнгөн. 1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө катышкан. М-ын репертуары кыргыз элдик музыкасынын бардык жанрын камтыган. Ал комуз менен кыл кыякта ЮОгө жакын элдик күүнү аткарган. Өзү да көп күү чыгарып, сурнай, чоор, темир комуз, керней күүлөрүн кайрадан иштеп чыккан. Домбрада да ойной билгенетикалык М. черткен жана чыгарган күүлөр тарыхый, турмуштук жана обондуу күүлөргө бөлүнгөн. Турмуштук «Түнкү күзөт», «Кечки жайлоодо», «Ак токту», эпикалык тарыхый «Ак кочкор каңкы», «Мендирман», «Акимкан», обондуу «Шырылдаң», «Векбекей», «Бешикыры», «Селкинчек», «Кошок», «Күйгөн» ж. б. күүлөрдү черткен. Комузчулар арасында тараган «Ботой», «Кербез», «Камбаркан», «Шыңгыраманын» ондогон классикалык үлгүсүн чыгарган. М. терме, насыят ырларды ырдап, «Кыз Дарыйка», «Алпамыш баатыр» дастандарын, «Залзал», «Зоркуш» өңдүү жомокторду айткан. Анын чыгармалары кыргыз профессионал музыкалык өнөрүнүн калыптанып өсүшүнө зор таасирин тийгизген. А. Малдыбаев «Кызыл жоолукчан» аттуу ырында «Кичине шыңгырамасын», А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере «Алтын кыз» музыкалык драмасына «Бурулча», «Олжо», «Кыз кербезди», «Ажал ордуна», «Айчүрөк» операсына «Ураан», «Төрөгелдинин какмасы». «Моңолбайды», М. Раухвергер «Чолпон» балетине «Кер өзөн», «Ак кочкор каңкы», «Муратаалынын толгоосу», «Той бала», «Шырылдаң» ж. б. күүлөрүн пайдаланган. М-ын күүлөрү П. Шубин, С. Ряузов, А. Жумакматов, Э. Жумабаев тарабынан оркестрлештирилген. В. Фере М-ын күүлөрүнүн негизинде «Мураталиана» аттуу көлөмдүү сюита жазган. 1960-ж. М-ын туулган күнүнүн 100 жылдык юбилейи белгиленип, Фрунзе музыкалык-хореогр. окуу жайына анын ысмы берилген жана эстелиги орнотулган. Бишкекте анын атындагы көчө бар. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Ад.: Виноградов В. Муратаалы Күрөнкөев. Ф., 1962; Алагушев Б. Муратаалы. Ф., 1976.