МУНАРЫК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУНАРЫК, боз түшүү, булаңкыр — айлана ачык болбой, мунар басып, бозоруп тур­ган абал. М. атм-нын төмөнкү катмарынын аба­да калкып жүргөн майда катуу заттардын (чаң, түтүн ж. б.) көп болушунан келип чыгат. М. болгон кезде атмосфера тунарып, 1 км, кээде ага да жетпеген аралык даана көрүнбөй калат. М. көбүнчө чоң шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү аймактарда же ошол тарап­тан келген аба массаларында байкалат. Токой, чым көң өрттөнгөндө, жанартоо атылганда да пайда болот.