МУНАРА КРАНЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУНАРА КРАНЫ — мунарага орнотулган, айланма жебелүү жана көтөргүч лебедкалуу кран. Жүк бурулуучу платформада көтөрүүчү, бурулуучу жана кранды жүктүн таасиринен болуучу ийилүү моментинен сактоо үчүн каршы салмак болуп эсептелет. Каршы салмак крандын массасын бир кыйла азайтат. Кранды башкаруучу адамды түшүрүү үчүн крандын лифти болот. М. к. негизинен курулушта бийик имарат курууда колдонулуп, туруктуу орнотулган (стационардык) жана жылып турма болуп бөлүнөт. Кыймылдуу кран жердин үстү, негизинен рельс менен жүрөт. М. к. имарат, кеме курууда курулуш материалын берип турат. Жылып турма М. к-нын жүк көтөрүмдүүлүгү 100 т, стационардык М. к-ныкы - 400 гга, көтөрүү бийикт. 150 лгге, жебенин айлануусу 50 лгге жетет.