МУМИЁ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУМИЁ, тоо бальзамы, аркар таш - теги биол. чайыр сымал табигый зат. Аска-зоолордун жаракаларынан сызылып чыгып турат. Түрлөрү көп. Өңү-түсү ак, көгүш, кызгылтым, кара күрөңж. б. Химиялык курамы туруксуз, негизинен зоомеланоэдин, гумин, гиппур, бензой кислотасы, амин кислотасы, туздар, микроэлементтер, ар түрдүү өсүмдүктөрдүн калдыктары кездешет. Бальзам сымал жыты бар, формасыз. Алтын (кызгылтым), күмүш (ак), жез (көгүш), темир (кара күрөң) М. деп бөлүнөт. Темир М. бардык жерде жолугат. Гималай, Теңир-Тоо, Араб ж. а-ндагы, Иран, Моңголия, Бирмадагы ж. б. тоолордо кездешет. Дартка даба, организмге пайдалуу зат. Сөөктүн сыныгын, ичеги-карын ооруларын, бронхит астмасын, өпкө учугун, жарааттарды дарылоодо кеңири колдонулат. Учурда Кыргызстанда ар кандай дарылар жасалууда.
Ад.: Алтымышев Атап Айтканда, Корчубеков Б. К. Мумиё жөнүндө биз эмнени билебиз. Ф., 1985; Савиных И. И. Все о мумие. Новокузнецк, 1999.