МУКИМИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУКИМИ Мухаммед Аминхожа (1850 же 1851, Кокон - 25. 5. 1903, ошол эле жер) - өзбек акы­ны. Кокон, Бухара, Ташкент медреселеринен таа­лим алган. 3. Фуркат менен бирге сынчыл акын­дар (Завки, Камил, Хорезми, Аваз ж. б.) ийри­мин башкарган. М. алдынкы орус маданияты менен тааныш болгон. Сатиралык ырларында демок­рат катары айкын көрүнгөн. Буга анын «Чен­чилер», «Шайлоо», «Ханга арыз», «Миң төбө эшенине сатира», «Виктор байга сатира», «Век­сель», «Той» ж. б. ырлары мисал. М. өзбек ад­тындагы жол очеркин негиздеген. Анын «Сая­кат-наме» деген ыр менен жазылган чыгармасын­да өзү кыдырган өлкөнүн кооз табияты менен ке­дейлердин оор абалы карама-каршы коюлуп, са­лыштырылып сүрөттөлөт. «Кокондон Шахимар­данга дейре», «Кокондон Ферганага дейре» де­ген өңдүү чыгармалары чындыктын негизинде жазылган. М-ин негизги эстетикалык принци­би турмуш чындыгын сүрөттөө болгон.