МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ САЛГЫЛАШУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МУЗ ҮСТҮНДӨГҮ САЛГЫЛАШУУ - Александр Невский башында турган орус аскерлеринин немис рыцарлары менен 1242-ж. 5-апрелде Сиговец а-нан 400 м аралыкта, Чуд көлүндө болгон салгыЛашуусу. Моңгол чапкынынан тукулжураган орус жерлерине 1240-42-ж. немистик рыцар-кресттүүлөрү, дан жана швед феодалдары кайра-кайра кол сала баштаган. Новгород князы Александр шведдерге капысынан кол салып, шведдердин аскерлерин талкалаган. Александр шведдердин аскер жетекчиси Биргердин бетине кылыч менен тамга баскан. Бул эрдиги үчүн эл ага Невский деген ысым ыйгарган (к. Нева салгылашы, 1240). Бирок Ливон орденинин кресттүүлөрү 1240-ж. Изборск жанаПсковду, Копорье монастырын каратып, 1242-ж. Улуу Новгород, Карелия жана Нева боюн басып алмак болгон. Веченин өтүнүчү боюнча Новгородго келген Александр Невский аскер курап, 1241-ж. Тевтон рыцарларын талкалап, Копорье монастыры менен Псковду бошоткон. 1242-ж. немис рыцарлары Новгород жерине кол салган. А. Невский орус аскерин Чуд көлүнүн түштүк-чыгыш жээгине жаигаштырган. Душмандын аскери орус полкун жиреп кирип, алардын алдыңкы отрядын талкалаган. Невский душманга капталынан, тылдан сокку урган. Орус аскери душманды талкалап, жеңишке ээ болгон. 400дөй рыцар өлүп, 50сү туткунга алынган. Калганы качып, жарылган музга чөгүп кеткен. 1243-ж. Новгород менен Тевтон ордени тынчтык келишим түзүп, немистер басып алган орус жерлери кайра кайтарылган. М. ү. с-нун тарыхый мааниси чоң, ал кресттүүлөрдүн Чыгышты көздөй багытталган жортуулун токтотуп, орус жерлерин басып алуудан сактап калган. 1725-ж. 21- майда жана 1942-ж. 29-июлда анын урматына аскер жетекчилерин сыйлоо үчүн Александр Невский ордени чыгарылган. 1938-ж. С. Эйзенштейн М. ү. с. жөнүндө «Александр Невский» аттуу көркөм фильм тарткан.
Ад.: Князь Александр Невский и его эпоха. Исследование и материалы. СПб., 1995.