МУЗАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МУЗАЛАР - байыркы грек мифологиясындагы искусство, илим, поэзия кудайлары, пирлери. То­гуз М. адегенде грек акыны Гесиоддун (биздин заманга чейинки 7-к.) «Теогониясында» аталган. Клио - тарых­тын, Евтерпа - поэзия менен музыканын, Талия - комедиянын, Мельпомена - трагедиянын, Тер­психора - бийдин, Эрато - сүйүү лирикасынын, Полигимния - гимндердин, Урания - астр-янын, Каллиона - эпостун кудайлары. Аполлон М-дын пири деп эсептелген.