МУДРОС ЖАРАШУУСУ (1918): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска

МУДРОС ЖАРАШУУСУ (1918) - биринчи дүй­нөлүк согушта (1914-18) Түркия жеңилгенден кийин Мудрос портунда (Лемнос а.) Улуу Бри­тания менен Түркия өкмөтүнүн өкүлдөрү 1918-ж. 30-октябрда кол койгон жарашуу. Анда Кара деңиз кысыктарын Антантанын аскер флотто­ру үчүн ачуу, союздаштардын Босфор менен Дар­данеллди оккупациялоого укуктуулугу, Хижаз, Ирак, Сирия ж. б. жерлердеги түрк аскерлери­нин багынуу шарттары белгиленген. Ал шарт­тар Түркияны биротоло бөлүп алуу, анын ай­магын антисов. интервенция үчүн плацдарм катары пайдалануу максатын көздөгөн. Түрк элинин улуттук-бошт. күрөшүнөн улам М. ж. ишке ашпай калган; М. ж-нда коюлган маселе­лер акыры Лозанна тынчтык келишиминде (1923) каралган.