МУГКАНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУГКАНА - </strong>1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (<abbr data-short="б. з. ч." data-full="биздин заманга чейинки" data-extended="true">биздин заманга чейинки</abbr> 2-к. - <abbr data-short="б. з." data-full="биздин замандын" data-extended="true">биздин замандын</abbr> 6-7-к). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирге коюлган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 <em>м,</em> эшигинин туурасы 70 <em>см.</em> М- | <p><strong data-text-type="type_1_article_title">МУГКАНА - </strong>1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (<abbr data-short="б. з. ч." data-full="биздин заманга чейинки" data-extended="true">биздин заманга чейинки</abbr> 2-к. - <abbr data-short="б. з." data-full="биздин замандын" data-extended="true">биздин замандын</abbr> 6-7-к). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бирге коюлган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 <em>м,</em> эшигинин туурасы 70 <em>см.</em> М-нын диаметри 4-15 <em>м,</em> уз. 3-9 <em>м,</em> туурасы 2-6 <em>м,</em> бийикт. 2,4- 3,5 лгге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүндө, негизинен Ала-Бука <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Аксы аймактарында, Наманган обл-нун Кара-Мазар тоосу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> Курама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сумсар <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык М. казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байланыштырышат. Проф. Г. А. Пугаченкова М-ны казак, кыргыз күмбөздөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука р-нундагы М-ларды 1951-ж. археолог А. К. Кибиров, 1955- <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> 1974-ж. археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген. Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кыш-нда Касан-Сай суусунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзөлөрүнөн да М-лар табылган. <abbr data-short="Түн." data-full="Түндүк" data-extended="true">Түндүк</abbr> Чыгыштагы эң четки М-лар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган М-лар <abbr data-short="б. з." data-full="биздин замандын" data-extended="true">биздин замандын</abbr> 1-к-на таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыздарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» - «үйүлгөн таш» деп аташкан. 19-к-да ферганалык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Аталган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эшиги болгон. Корум-мүрзөлөрдү <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> калк мугдардын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» дешсе, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алайда, Тажикстандын Жерге-Тал р-нунда «муг» сөзү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топоними кездешет. Уламыштарда Фергана мугдары күчтүү <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> мээнеткеч кишилер катары даңазаланышкан. Илимде «муг» аталышы авесталык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» - «отпарас» деген түшүнүктөн келип чыккан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризмотпарастык дининин) <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдында гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ислам дини таралганга чейинки отпарастык ишенимде турушкан <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> калкты түшүндүргөн. Аксы р-нунун борбору азыркы Кербен ш-нын 7- к-да жашаган легендарлуу башкаруучусу Керван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек,</p><p>мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршылык кылышкан ферганалык <abbr data-short="жерг." data-full="жергиликтүү" data-extended="true">жергиликтүү</abbr> тургундар болушу мүмкүн. <em>Т. Кененсариев.</em></p> | ||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МУГКАНА - 1) отко сыйынуучулардын ыйык үйү; 2) үстү кумпалуу, боз үй түрүндө таштан курулган, эшиги тар күмбөз (биздин заманга чейинки 2-к. - биздин замандын 6-7-к). Бир үй-бүлө мүчөлөрү мончок, сөйкө, бычак, жебе, карапа идиштер менен бирге коюлган. Дубалынын түп жагынын калыңдыгы 2,5- 5 м, эшигинин туурасы 70 см. М-нын диаметри 4-15 м, уз. 3-9 м, туурасы 2-6 м, бийикт. 2,4- 3,5 лгге чейин жетет. Фергана өрөөнүнүн түндүгүндө, негизинен Ала-Бука жана Аксы аймактарында, Наманган обл-нун Кара-Мазар тоосу менен Курама тоо кырларында (Гава-Сай, Көк-Серек, Сумсар жана Касан капчыгайларында, Кызыл-Жар, Орто-Суу өрөөнүндө) кездешет. Бул жерлерде 200дөн ашык М. казылган. Алар чала көчмөн тоолук малчыларга таандык. Бул урууларды эфталиттер менен байланыштырышат. Проф. Г. А. Пугаченкова М-ны казак, кыргыз күмбөздөрүнүн алгачкы түрү деп болжолдойт. Ала-Бука р-нундагы М-ларды 1951-ж. археолог А. К. Кибиров, 1955- жана 1974-ж. археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген. Терек-Сай шаарчасына жакын, Орто-Токой кыш-нда Касан-Сай суусунун оң өйүзүндө Чычырканак дөбө-мүрзөлөрүнөн да М-лар табылган. Түндүк Чыгыштагы эң четки М-лар тобу Пачата (Аксы) суусунун жогорку бөлүгүндө кезигет. Казылган М-лар биздин замандын 1-к-на таандык. Мындай таш мүрзөлөр кыргыздарда корум же корумдап (сөөк, өлүк) коюу деп аталат. Ферганалык тажиктер «корумб» - «үйүлгөн таш» деп аташкан. 19-к-да ферганалык өзбектер «курум» же «гурум» дешкен. Аталган корум-мүрзөлөрдүн атайын жасалган эшиги болгон. Корум-мүрзөлөрдү жергиликтүү калк мугдардын (эл) үйү же мугдардан калган калдык деп эсептешип, тажиктер көбүнчө «ханам-муг» дешсе, өзбектер «муг-хана», ал эми кыргыздар «мык» (мыктын үйү) деп аташкан. Чоң Алайда, Тажикстандын Жерге-Тал р-нунда «муг» сөзү менен байланышкан кыргызча «Кара-Мык» топоними кездешет. Уламыштарда Фергана мугдары күчтүү жана мээнеткеч кишилер катары даңазаланышкан. Илимде «муг» аталышы авесталык «могу», байыркы персче «магу», согдалык «мог» - «отпарас» деген түшүнүктөн келип чыккан деп эсептелинет. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөр далилдегендей Чыгыш Ферганада Чуст доорунда зардалчылыктын (зороастризмотпарастык дининин) жергиликтүү варианты пайда болуп, ал ислам дининин таралышынын алдында гүлдөп өнүккөн. Демек, муг тургундары ислам дини таралганга чейинки отпарастык ишенимде турушкан жергиликтүү калкты түшүндүргөн. Аксы р-нунун борбору азыркы Кербен ш-нын 7- к-да жашаган легендарлуу башкаруучусу Керван-Баш да муг элинен чыккан делинет. Демек,
мугдар отпарастык ишенимде туруп, мусулман динине кирбей, арабдарга көпкө чейин каршылык кылышкан ферганалык жергиликтүү тургундар болушу мүмкүн. Т. Кененсариев.