МӨМӨ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МӨМӨ - жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн көбөйүү органы. Ал гүлдөн өөрчүп, урук пайда болуу менен аяктайт. М. уруктун калыптануу, корго-

нуу, таралуу кызматын аткарат. Анын морфол. негизин мөмөлүк түзөт, ошондой эле гүлдүн башка бөлүктөрү (гүл коргону, гүл жайгашкыч ж. б.) да М. пайда кылууга катышат. М-үн көлөмү,
формасы, түсү, ачылуу, түшүү жолдору өтө ар түрдүү. М. кургак, ширелүү, көп уруктуу болуп айырмаланат. Кургак көп уруктуу М-гө - кутуча, чанактуулар ж. б., кургак бир уруктууга - жаңгак, желудь, данча ж. б.; ширелүү көп уруктуулар - жемиштерге алма, бир уруктууларга сөөктүүлөр кирет. М. апокарптуу (бир же бир нече бирикпей өскөн мөмө жалбырактан өөрчүгөн) жана ценокарптуу (бир нече мөмө жалбырактары биригип өскөн) гинецейлүү болуп бөлүнөт. М-үн экономикалык мааниси өтө чоң болгондуктан, көптөгөн өсүмдүктөр М-сү үчүн айдалат. к. Мөмө өсүмдүктөрү, Урук.