МОСКВА КӨРКӨМ ӨНӨР ЖАЙ АКАДЕМИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:00 учурдагы нуска
МОСКВА КӨРКӨМ ӨНӨР ЖАЙ АКАДЕМИЯСЫ Строганов атындагы (мурунку Строгановка) - Россиядагы ө. ж., монумент-жасалга, колдонмо искусство, интерьер жасалгалоо боюнча жогорку квалификациядагы чеберлерди даярдап чыгаРУУчу жогорку окуу жайы. 1825-ж. белгилүү археолог, граф С. Г. Строганов Жогорку көркөмөнөр жай окуу жайы катары негиздеген. 1843- жылдан мамлекеттик окуу жай, 1860-жылдан техникалык сүрөт тартуу боюнча С. Строганов окуу жайы деп аталган. 1917-ж. Октябрь революциясынан кийин окуу жайы кайра түзүлгөн. Ал бара-бара мамлекеттик эркин көркөм өнөрканалардын курамына, андан соң Вхутемас жана Вхутеиндин курамына киргенетикалык 1945-ж. өкмөттүк чечим менен Москвадагы жогорку көркөм ө. ж. окуу жайы түзүлгөн (1992-ж. С. Г. Строганов атындагы Москва көркөм ө. ж. институту, 1996-жылдан С. Г. Строганов атындагы Москва мамлекеттик—көркөм ө. ж. университети, 2009-жылдан С. Г. Строганов атындагы Москва мамлекеттик көркөм ө. ж. академиясы). Анда сүрөтчүлөрдүн бир канча муундары фундаменталдык билим алышкан. Студенттерди даярдоонун окуу-педагогикалык жана чыгармачыл өндүрүштүк системасы ар кандай шарттарда студенттердин ар тараптуу теориялык даярдыгына жана практикалык ыктардын комплексин үйрөнүүсүнө багытталган. Окуу жайдын калыптанышына жана өнүгүшүнө искусство жана архитектура чеберлери С. В. Иванов, М. А. Врубель, А. В. Щусев, В. И. Мухина, Е. Ф. Белашова, В. А. Ватагин, С. В. Герасимов, Г. А. Захаров өз салымдарын кошушкан. Кыргызстандык Т. Садыков (1962- 64), Т. Т. Герцен (1960-66), А. Н. Каменский (1949-56) ж. б. скульптор сүрөтчүлөр ушул окуу жайдан билим алышкан.