МОРТТУК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОРТТУК - катуу нерсенин анча чоң эмес механикалык күчтүн таасиринен сынып, талкалануу касиети. Морт нерселерге карапа, металл, карапа материалдары, чоюн, көмүртек менен каныккан болот ж. б. кирет. Морт нерселердин көпчүлүгү, бөлүнүүгө чейин серпилгичтүү деформацияланат. Аларда калдыктуу деформация жокко эсе. Пластикалуулук жана М. нерсенин курамына көз каранды. Нерсенин чыңалган абалын, деформация жүргөндөгү сырткы чөйрөнү же температураны өзгөртүп, нерсени пластикалык абалдан М. абалга өткөрүүгө болот. Кадимки шартта өтө морт деп эсептелүүчү кристаллдык кварц чоң басым менен кысылып, созуучу жана жылыштыруучу чыңалуулардын натыйжасында калдыктуу деформацияга ээ болот. Пластикалык материалдарды бир жактуу кысуу менен бүлүндүрүүгө болбойт. Морт материалдарды бир жактуу кысканда бышыктык чеги деп аталуучу (Р6) чыңалууга жеткенде бөлүнөт жана ал созуу деформациясынын бышыктыгынан (Рс) чоң. Алардын катышы К=Рс/Р6, чоюн үчүн 0,2-0,4, карапа материалдары үчүн 0,1-0,2. Катуу нерсенин пластикалуулугуна жана М-уна чыңалуу убактысы жана температурасы чоң таасир тийгизет. Тез деформациялоодо нерсенин М. касйети, ал эми жай деформациялоодо пластикалуулук касиети даана байкалат. Көптөгөн материалдар температураны төмөндөткөндө пластикалык абалдан М. абалга өтөт. Бул учурда температура М-тун кризистик температурасы деп аталат.