МОНОСАХАРИДДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОНОСАХАРИДДЕР — гидролиз реакциясына кирүүгө жөндөмсүз болгон углеводдордун негиз­ги тобун түзгөн органикалык бирикмелер. Аларда гидрок­сид жана альдегид (альдозалар) же кето (кетоз) топтору болот. М. курамындагы көмүртек атому­нун санына жараша триозаларга (С3), тетроза­ларга (С4), пентозаларга (С.), гексозаларга (С6) бөлүнөт. М-дин ациклдүү (ачык) жана циклдүү (туюк) формалары болуп, 5 мүчөлүү циклдер фу­раноза, 6 мүчөлүүсү пиранозалар деп аталат. М. татаал углеводдордун (гликозиддер, полисаха­риддер ж. б.) жана углеводу бар биополимерлер­дин курамына кирет. Мында М. бири бири жана молекуланын углевод эмес бөлүгү менен глико­зиддик байланыш аркылуу байланышат. Кисло­талардын же ферменттердин таасири менен гидро­лизденгенде бул байланыштар үзүлүп, М. бөлү­нөт. М. - кристаллдар, сууда жакшы, спиртте начар эрийт, эфирде эрибейт. М. карбонил то­буна мүнөздүү реакцияга кирет. А§М3түн аммиак­тагы эритмесин, негиздик чөйрөдө жездин кыч­кылын калыбына келтирет. М. көпчүлүк өсүм­дүк жана жаныбар организмдеринде эркин түрүндө кездешет. Ошондуктан алар - М-ди алуунун не­гизги булагы. М. синтез жолу менен да алынат. Алар өсүмдүктөрдүн фотосинтез кубулушунан көмүртек кош оксиди жана суудан пайда болот. М-дин оргэнизмде ажырашы энергия бөлүп чы­гаруу менен жүрөт. Кээ бир М. жана андан алынган заттар тамак-аш ө. ж-нда жана медицинада кол­донулат.