МОНИТОРИНГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОНИТОРИНГ (англ. топ11ог1п£ — байкоо, баалоо, контроль) - тигил же бул процесстин же объектинин өзгөрүүлөрүнө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн атайын формасы. Ар кандай М-дин түпкү максаты чечим кабыл алууда белгисиздиктин, кооптуулуктун деңгээлин азайтуу максатында жүрүп жаткан кубулуштар менен окуялардын болочоктогу абалын болжолдоо болуп саналат. М. байкалуучу окуялар менен кубулуштардын түрүнө (экономикалык, социалдык, саясий-демогр., экол. ж. б.), масштабына жана камтылышына (үзгүлтүксүз жана дискреттик, жалпы жана тандап), чагылдыруу тактыгына (анык, жетишерлик эмес анык, анык эмес), жүргүзүүнүн мүнөзүнө (бир жолку, мезгилдүү, системалуу), байкоо жүргүзүү ыкмаларына жана маалымат алуу булагына (анкеталык, коомдук пикирди сурамжылоо, тандап байкоо, прибор менен эсепке алуу, каттоо жана инвентарлаштыруу, рейтинг, отчёттуулук), натыйжаны өлчөө-ченөө системасына жана берүү формасына (сандык өлчөнүүчү жана сандык түрдө өлчөнбөөчү көрсөткүчтөр) карата ажырымдалат. 1)М. билим берүүд ө - билим берүү системасын башкаруу, абалын баалоо, өнүгүү багытын аныктоо үчүн зарыл болгон тутум же анын айрым бөлүктөрү (элементтери) тууралуу маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо жана жайылтуу. Билим берүү кызматынын сапатын эксперттик баалоо боюнча М. кабыл алынган стандартка, үлгүгө, ченемдерге негизделет; 2)экологияда айланачөйрөнү (атм-ны, гидросфераны, топуракөсүмдүктөрдү, ошондой эле техногендик системаларды) көзөмөлдөө, прогноздоо жана коргоо максатында анын абалына байкоо жүргүзүү. Ал ааламдык, аймактык жана локалдык деңгээлдерге бөлүнөт. М. системасында атм-нын, жаан-чачындын, суунун (жер астындагысынын да), топурактын химиялык курамына жана булгануу концентсына, анын таралуу жолдоруна көзөмөл кылуу өтө маанилүү. М. негизинен сейсмикалык кубулуштарга, сууга, минералдык ресурстарга, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн санына жана түрдүк курамына ж. б-га жүргүзүлөт. М. кызматына изилдөөнүн физикалык, химиялык жана биол. жолдору, ошондой эле авиациялык жана космостук техникалар пайдаланылатынча М. космостук аппараттардан, ошондой эле кургактыктагы жана океан-деңиздердеги станциялардан алынган телесүрөттөлүштөрдүн, фотогр., көп спектрлүү сүрөттөрдүн жардамы менен байкоо жүргүзүлөт. Космостук М. айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн мүнөзүн жана очокторун тез аранын ичинде аныктоого, экол. өзгөрүүлөрдүн ургаалдуулугуна жана амплитудасына байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт, техногендик системалардын бири-бирине тийгизген таасирлерин изилдейт. М. кызматы көп өлкөлөрдө уюшулган; 1988-ж. Табиятты коргоо мониторингинин Бүткүл дүйнөлүк борбору уюшулган; 3) экономикад а - экономикалык чечим кабыл алууда белгисиздиктин, кооптуулуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында экономикалык процесстер кубулуштардын келечектеги абалын алдын ала билүү (болжолдоо) үчүн алардын учурдагы абалына, байкоо салуу, экономикалык чечимдерди кабыл алуу. М-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: рынок конъюнктурасынын (мисалы, акциялар менен валюталардын курсу, керектөө баалары, инфляция, банк проценти ж. б.); атаандаштыкка туруштук бере алуусунун; ишкердиктеги ишенимдүүлүктүн; ишмердиктин ар кыл тармактарындагы ар түрдүү бизнес чөйрөлөрүнүн инвесторлор үчүн кызыктуулугунун; дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү (региондор) экономикалык өнүгүү деңгээлинин жана жашоо-турмуш стандартынын М-и. М. кризистик кубулуштардын барометри катары жана кризиске каршы көрүлүүчү чаралар жөнүндө алгачкы материалдар 20-к-дын башында Гарвард университетинде У. М. Персонс менен У. К. Митчеллдин жетекчилигинде жарык көрө баштаган. Азыркы учурда дүйнөдө 10 миңден ашык социалдык-экономикалык багыттагы М-дер жүргү- зүлүп, дүйн. кабар агенттиктеринин (Рейтер, CNBC Bloomberg, Россияда - ИТАР-ТАСС, Интер-факс ж. б.) басылмаларында дайыма чыгып турат.