МОНИТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОНИТОР (латынча МопНог - эске салуучу, көзөмөлдөөчү) - компьютер маалыматын экранга чыгаруучу түзүлүш. Телекөрсөткучкө окшош, ал экран деп аталган чагылдыруучу беттен жана радио

деталдар жайгашкан пластмасса же металл кутудан турат. Бүгүнкү күндөгү программалык жабдыктар түстүү маалыматтарды чагылдырууга багытталгандыктан, түстүү М. компьютерлердин бардык тибинде кеңири колдонулат. М-до бир учурда көрсөтүлө турган түстөрдүн саны тактада орнотулган видео адаптердин эсинин көлөмүнө жараша болот. Түстүү М. 16 млндон ашык түстү көрсөтүүгө жөндөмдүү. М-до сүрөттөлүштөрдү көрсөтүүдө чекитти жандыруу модели колдонулат.