МОНБЛАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОНБЛАН (фр. Моп1 В1апс, итал. Моп1е В1апсо) - Батыш Европадагы эң бийик тоо массиви жана чоку (4807 м); Франция менен Италиянын чек арасында. Уз. 50 км. Гранит, гнейс, кристаллдык сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Өтө тилмеленген альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Кар чеги 2850-3100 м бийиктен өтөт. По жана Рона д-нын суу бөлгүчү. Мөңгүлүү (аянты 200 км2ден ашык; ири мөңгүсү - Мер-де-Глас). Альпинизм, туризм өнүккөн. Астрономиялык жана метеорол. обсерваториялар иштейт. М-дагы тешкен тоо (тоннель уз. 11,6 км) аркылуу Францияны Италия менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт.