МОЛИБДЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОЛИБДЕН (латынча Мо1уЬйаепит), Мо - элемен­ттердин мезгилдик системасынын VI тобунан орун алган химиялык элемент, катар номери 42, атомдук массасы 95,94. Жаратылышта 7 туруктуу изотобу бар: 92Мо, 94Мо, 95Мо, 96Мо, 97Мо, 98Мо, 100Мо. 1782-ж. швед окумуштуусу П. Гьельм МоО3тү көмүртек менен калыбына келтирүүдөн металл түрүндөгү М­ди бөлүп алган: МоО3+ЗС—>Мо+ЗСО. Жер кыр­тышында аз таралган элемент (массасы боюнча Г10"3%ти түзөт). Жаратылышта 20га жакын ми­нералдары кездешет, алардын ичинен эң маа­нилүүсү: молибденит - Мо32. Ө. ж-да мааниси чоң минералдары: повеллит - CaMoO4, молиб­дит - Ге2(МоО4)3-»Н2О жана вульфенит - РЪМоО4. М. - кыйындык менен эрүүчү, ачык боз металл, тыгызд. 10,2 г/см?-, балкып эрүү 2620±10°С; кайноо I 4830°С; кадимки температурада абада туруктуу. 600°Сдан баштап тез кычкылданып, МоО3тү пай­да кылат. Ал жөнөкөй кислоталарды (Н2МоО4, Н2МоО4' Н2О) жана изополикислоталарды (Н6МоО24 ж. б.) берет. Туздары молибдаттар жана полимолибдаттар деп аталат. М. бирикмеле­ринде +4 жана +6 окистенүү даражасын көрсөтөт. Суутек менен реакцияга кирбейт, фтор менен кадим­ки температурада, хлор менен 250°Сде аракеттенип, МоГ6 менен МоС1,ти пайда кылат. Алар таза М. алууда колдонулат. Күкүрт, күкүрттүү суу­тек менен сууда, туз кислотасында жана суюлтулган күкүрт

кислотасында эрибеген дисульфидди Мо32 пайда кылат. М. ядролук реактордо, генератор­лордун, электр жана радио-техникалык лампаларын, рентген түтүктөрүн даярдоодо негизги констр. материал болуп эсептелет. Өсүмдүк, жаныбар жана адамдын организминде микроэлемент ка­тары болуп, азот алмашуу процессине катышат. (МН4)2МоО4 медицинада, текстиль ө. ж-нда жана боёк өндүрүүдө кеңири колдонулат. М-дин суль­фиди нефть ө. ж-нда катализатор катары пай­даланылат.