МОЛДОБАЕВ Тавалды Кадырович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска
МОЛДОБАЕВ Тавалды Кадырович (22. 12. 1951- ж. т„ Ысык-Көл обл„ Түп р-ну, Чоң-Жергез кыш.) - генерал-майор (1997). КМУну (1973), Алматы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1977), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1987) бүткөн. 1973-78-ж. Фрунзе шнын Свердлов р-ндук аскер комиссариатында

начальниктин жардамчысы, 1978- 83-ж. Аламүдүн р-ндук аскер комиссариатында бөлүмдүн начальниги, 1983-88-ж. Пржевальск, 1988-91-ж.
Фрунзе ш-нын Свердлов р-ндук аскер комиссариаттарынын комиссары, 1991-92-ж. Кыргыз ССР аскер комиссариатында 1-бөлүмдүн начальниги, респ. аскер комиссарынын орун басары, 1992-94-ж. коргоо иштери боюнча КРдин мамлекеттик комитетинде төраганын орун басары - уюштуруу мобилизация кылуу башкармалыгынын начальниги, 1994-95-ж., КРдин Коргоо министринин орун басары, 1995-2000-ж. КРдин Коргоо министрлигинде башкы штаб начальнигинин орун басары, борбордук тыл башкармалыгынын начальниги, 2000-06-ж. КР Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскер окуу жайынын начальниги, 2006-жылдан КР Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабында начальниктин орун басары.