МОЛДАШЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:30 учурдагы нуска

МОЛДАШЕВ Мадалбек (22. 6. 1948-жылы туулган, Ош обл., Араван р-ну, Дөң айылы) - генерал-майор (1995). Ленинград жогорку аскер-саясий окуу жайын (1972), СССР Министрлер Советинин ал­дындагы Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) жо­горку курсун (1976), СССР МККнын жогорку мектебинин даярдоо курсун (1982) бүткөн. 1972- 74-ж. аба чабуулуна каршы коргонуу армиясын­да саясий бөлүктүн началь­нигинин орун басары, 1974- 75-ж. ошол эле армияда автотранспорттук ротанын командиринин

орун басары, 1976-80-ж. СССР МККнын Түркстан аскер округу боюнча дивизионунун радиотех. бригадасынын оперуполно­мочени, радиотех. полкунун улук оперуполномочени,

1982-85-ж. СССР МККнын Афганстандагы опе­ративдүү кызматкери, 1985-87-ж. МККнын Орто Азия, Түркстан аскер округу боюнча өзгөчө бөлүмүнүн улук оперуполномочени, 1987-92-ж. СССР МККнын Ташкенттеги окуу борборунун фи­лиалында окутуучу, улук окутуучу, 1992-ж. КР­дин мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер контрчалгын бөлүмүнүн начальниги, 1992-94-ж. аскер чалгын башкармалыгынын начальниги, 1994-95-ж. КРдин Коопсуздук кеңешинин кат­чысы, 1995-96-ж. КРдин ички иштер министри болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.