БЫШЫКТООЧ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЫШЫКТООЧ ''' – кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, себебин, максатын бышыктап, тактап көрсөтүүчү айкындооч мүчө. Бышыктооч маанисине, милдетине жана грамматикалык байланышына карай баяндоочтун тобуна кирет. Бышыктоочтор багындыруучу сөзү менен болгон маанилик катышына, сүйлөмдөгү синтаксистик милдетине карай: мезгил, орун, сын-сыпат, себеп, максат, сан өлчөм | '''БЫШЫКТООЧ ''' – кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, себебин, максатын бышыктап, тактап көрсөтүүчү айкындооч мүчө. Бышыктооч маанисине, милдетине жана грамматикалык байланышына карай баяндоочтун тобуна кирет. Бышыктоочтор багындыруучу сөзү менен болгон маанилик катышына, сүйлөмдөгү синтаксистик милдетине карай: мезгил, орун, сын-сыпат, себеп, максат, сан өлчөм бышыктооч болуп бөлүнөт. Мисалы: Жашыӊда (качан?) берсин мээнетти, карыганда (качан?) берсин дөөлөттү (мезгил бышыктооч). Айылга (кайда?) бет алганда ошол тарапты караймын (орун бышыктооч). Эмгекти сүйгөн жигит зыӊкылдап (кантип?) ырдап коёт (сын-сыпат бышыктооч). Кубанганынан (эмне себептен?) Сабырдын жонунан тер кетти (себеп бышыктооч). Жетимдерге көз салууга (эмне үчүн?) Бурмаке кемпир келди (максат бышыктооч). Каныбек бул ишти биринчи (канчанчы?) көрүп турат (сан-өлчөм бышыктооч). Бышыктоочтун милдетин жөнөкөй жана татаал формадагы ар кандай сөз түркүмдөрү: зат, сын, сан, ат атоочтор, тактооч, этиштин чакчыл формасы, жандоочтор менен айкашкан сөздөр аткарат. Бышыктооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:11, 15 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БЫШЫКТООЧ – кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, сан-өлчөмүн, ордун, мезгилин, себебин, максатын бышыктап, тактап көрсөтүүчү айкындооч мүчө. Бышыктооч маанисине, милдетине жана грамматикалык байланышына карай баяндоочтун тобуна кирет. Бышыктоочтор багындыруучу сөзү менен болгон маанилик катышына, сүйлөмдөгү синтаксистик милдетине карай: мезгил, орун, сын-сыпат, себеп, максат, сан өлчөм бышыктооч болуп бөлүнөт. Мисалы: Жашыӊда (качан?) берсин мээнетти, карыганда (качан?) берсин дөөлөттү (мезгил бышыктооч). Айылга (кайда?) бет алганда ошол тарапты караймын (орун бышыктооч). Эмгекти сүйгөн жигит зыӊкылдап (кантип?) ырдап коёт (сын-сыпат бышыктооч). Кубанганынан (эмне себептен?) Сабырдын жонунан тер кетти (себеп бышыктооч). Жетимдерге көз салууга (эмне үчүн?) Бурмаке кемпир келди (максат бышыктооч). Каныбек бул ишти биринчи (канчанчы?) көрүп турат (сан-өлчөм бышыктооч). Бышыктоочтун милдетин жөнөкөй жана татаал формадагы ар кандай сөз түркүмдөрү: зат, сын, сан, ат атоочтор, тактооч, этиштин чакчыл формасы, жандоочтор менен айкашкан сөздөр аткарат. Бышыктооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана тутумдаш болуп бөлүнөт.