МАРАТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРАТ Жан Поль (21. 5. 1743, Швейцария, Будри - 13. 7. 1793, Париж) - 18-к-дагы француз революциясынын ишмери, публицист. 16 жашында Швейцариядан Францияга келип, Бордо жана Париж шаарында медицина жана философиялык илимдеринүйрөнгөн. 1765-жылы Улуу Британияга келип, 1775-жылы Эдинбург университетинде медицина доктору наамын алган. «Кулчулуктун чынжыры» (1774, англис тилинде) аттуу туңгуч саясий чыгармасында М. феод. абсолюттук түзүлүшкө каршы революциячыл күрөштүн зарылдыгын далилдеген. 1775-жылдан Парижде жашаган. Революция башталары менен М. көтөрүлгөн элге кошулуп, 1789-жылдын сентябрынан «Эл досу» газетасын чыгарган жана революциянын андан ары өрчүшүнө жолто кылгандарды (Ж. Неккер, 0. Мирабо ж. б.), жирондисттерди ашкерелеген. Революциянын социалдык маселелерин да иштеп чыккан. 1792-жылы Конвентке депутаттыкка шайланган. Респ-ны сактап калуу үчүн бардык күчтү бириктирүүгө аракеттенген. Жирондисттердин кыянаттыгы менен Революциячыл трибуналга берилип, андан элдин талабы боюнча бошотулган жана Конвентке кайра жиберилген. Жирондисттерге каршы көтөрүлүштөрдү даярдоого активдүү катышкан. Натыйжада Жиронда бийлиги кулатылган (1793-жылы 31-май - 2-июнь).