МАСТИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАСТИТ (грекче таз^бэ - үрп, эмчек) - жаныбар менен адамдын сүт бездеринин сезгенүү оорусу. Көбүнчө төрөттөн эмчектин үрпү кесилип, ал аркылуу сүт бездерине инфекция (стафилакокк) киргенде болот. Баланы туура эмес эмизүүдөн эмчек үрпү жабыркап, кесилет, эмизгенде ооруп, бала эмчектеги сүттү толук эме албай калганда, ошондой эле эмчекти туура эмес саап, өздүк гигиенаны сактабагандан да болушу мүмкүн. М. ириндүү жана ириңсиз болуп айырмаланат. Оорулуунун денеси ысып (39°Сге чейин), башы ооруйт. Жабыркаган эмчек катууланып, чыңалып чыгат. Дарылоо өз убагында башталса, бир нече күндөн кийин жакшы болуп кетет. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт. Оору күчөп кете электе эмчекти таңып, сүтүн саап, ар түрдүү дарылар берилип, физиотерапия процедуралары сунуш кылынат. Ириң тээп, күчөп кетсе хирургиялык жол колдонулат. М-тин алдын алууда эмчекке массаж жасоонун мааниси чон. Аны ар бир эне өзү жасаса болот. Колду самындап жууп, ар бир эмчекти саат жебесинин багытында бир нече мин сылап укалайт. Аялдын организминдеги сезгенүү очогунан (тиш кариеси, өнөкөт тонзиллит) микроб кан менен эмчекке келиши мүмкүн. Ошондуктан бойго бүткөндө бул ооруларды дарылоо зарыл. Бала төрөлгөндөн кийин эмчек тарткычты күн сайын алмаштырып, эмчекти жакшылап жууп, таза сүлгү менен сүртүү керек. Баланы эмизгенден кийин эмчекте калган сүттү саап таштоо сунуш кылынат. Эмчек үрпү кесилсе же эмчек катууланса, кызарып кетсе же ооруса, температура көтөрүлсө, токтоосуз врачка кайрылуу зарыл. М. м а л д а - желинге суук тийгенден болгон ылаң. М. менен малдын бардык түрү, көбүнчө уй (туугандан кийинки алгачкы күндөрү жана саан учурунда) ылаңдайт. Бул ылаңга жыл сайын уйдун 4-15% (кээ бир чарбада андан да көп) учурайт. Ылаң негизинен желинде ар кандай жараат пайда болгондо, химиялык заттар таасир эткенде, эмчектин үрпү аркылуу желинге инфекция киргенде, сүт саагыч машинаны туура эмес пайдаланууда, желин шамалдаганда, ошондой эле желинди муздак суу менен жууганда, чала сааганда ж. б. болушу мүмкүн. М-тин катуу кармаган, өнөкөт, билинбей өтүүчү, ириндүү, сероздуу ж. б. түрлөрү бар. Дарылоодо ылаң малды сапаттуу тоюттандыруу, өз убагында кол менен саап туруу, булчуңга пенициллин куюу, стрептоцид же норсульфазол берүү керек. Желин ириңдеп кетсе, массаж жасоого болбойт. Алдын алуу чаралары: саан уйларды айына 1 жолу текшерип туруу; желинди жакшылап кароо, малды санитариялык эрежелерди сактоо менен багуу ж. б.