МАСТИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(12 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАСТИТ (грекче таз^бэ - үрп, эмчек) - жаныбар менен адамдын сүт бездеринин сезгенүү оорусу. Көбүнчө төрөттөн эмчектин үрпү кесилип, ал ар­кылуу сүт бездерине инфекция (стафилакокк) киргенде болот. Баланы туура эмес эмизүүдөн эмчек үрпү жабыркап, кесилет, эмизгенде ооруп, бала эмчектеги сүттү толук эме албай калганда, ошондой эле эмчекти туура эмес саап, өздүк гигиенаны сактабагандан да болушу мүмкүн. М. ириндүү жана ириңсиз болуп айырмаланат. Оорулуунун денеси ысып (39°Сге чейин), башы ооруйт. Жа­быркаган эмчек катууланып, чыңалып чыгат. Дарылоо өз убагында башталса, бир нече күндөн кийин жакшы болуп кетет. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт. Оору күчөп кете элек­те эмчекти таңып, сүтүн саап, ар түрдүү дары­лар берилип, физиотерапия процедуралары су­нуш кылынат. Ириң тээп, күчөп кетсе хирургиялык жол колдонулат. М-тин алдын алууда эмчекке массаж жасоонун мааниси чон. Аны ар бир эне өзү жасаса болот. Колду самындап жууп, ар бир эмчекти саат жебесинин багытында бир нече мин сылап укалайт. Аялдын организминдеги сезгенүү очогунан (тиш кариеси, өнөкөт тонзил­лит) микроб кан менен эмчекке келиши мүмкүн. Ошондуктан бойго бүткөндө бул ооруларды да­рылоо зарыл. Бала төрөлгөндөн кийин эмчек тарткычты күн сайын алмаштырып, эмчекти жакшылап жууп, таза сүлгү менен сүртүү керек. Баланы эмизгенден кийин эмчекте калган сүттү саап таштоо сунуш кылынат. Эмчек үрпү ке­силсе же эмчек катууланса, кызарып кетсе же ооруса, температура көтөрүлсө, токтоосуз врачка кай­рылуу зарыл. М. м а л д а - желинге суук тий­генден болгон ылаң. М. менен малдын бардык түрү, көбүнчө уй (туугандан кийинки алгачкы күндөрү жана саан учурунда) ылаңдайт. Бул ылаңга жыл сайын уйдун 4-15% (кээ бир чарбада андан да көп) учурайт. Ылаң негизинен желинде ар кан­дай жараат пайда болгондо, химиялык заттар таасир эткенде, эмчектин үрпү аркылуу желинге инфек­ция киргенде, сүт саагыч машинаны туура эмес пайдаланууда, желин шамалдаганда, ошондой эле же­линди муздак суу менен жууганда, чала сааганда ж. б. болушу мүмкүн. М-тин катуу кармаган, өнөкөт, билинбей өтүүчү, ириндүү, сероздуу ж. б. түрлөрү бар. Дарылоодо ылаң малды сапаттуу тоюттандыруу, өз убагында кол менен саап туруу, булчуңга пенициллин куюу, стрептоцид же нор­сульфазол берүү керек. Желин ириңдеп кетсе, массаж жасоого болбойт. Алдын алуу чарала­ры: саан уйларды айына 1 жолу текшерип ту­руу; желинди жакшылап кароо, малды санитариялык эрежелерди сактоо менен багуу ж. б.