МАРТЕН МЕШИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (12 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРТЕН МЕШИ - чоюн жана болот сыныктарын кайра иштетип, белгилүү химиялык курамдагы жана сапаттагы болот эритүүчү жалындуу регенерациялык меш. Ал П. Мартендин ысмынан аталган. Алгачкы М. м. 1864-жылы Францияда жасалган. 250-300 глык же андан чоң көлөмдө курулат. М. м-нин жумушчу бөлүгү шып, таман, алдынкы жана арткы капталдан турат. Ал жерде эритүү процесси жүргүзүлөт (к. сүрөт). Ага отун менен аба мештин оң жана сол капкактарынан жиберилет. М. м-нин бардык элементтери отко чыдамдуу (туруктуу) материалдардан курулат. Материалдын тибине карата М. м. негиздик жана кычкыл болуп бөлүнөт. Негиздик М.м. магнезит, магнезит-хром, хром-магнезит кыштарынан жана магнезит порошогунан, ал эми к ы ч к ы л М. м. дипас кыш менен кварц кумунан тургузулат. М. м-нде суюк (мазут) же газ (табигый, аралаш, генератор газы) отуну пайдаланылат. Аралаш (кокс жана домна газы) жана генератор газдары генераторлор аркылуу 1150°Сге чейин ысытылып, мештин жумушчу бөлүмүнө

жиберилет. Табигый газ жана мазут ысытылбай эле колдонулат. Температурасы 400-800°Сге жеткен жылуулук утилизатор-казандар аркылуу пайдаланылат. М. м-нин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кычкылтекти колдонуу 20-к-дын 60-жылдарында регенератору жок эки ванналуу мештин жасалышына түрткү болду. Ири М. м-нин жылдык өндүрүмдүүлүгү 0,5 миллион т.